Иммундук системанын физиологиясы лабораториясы

Лаборатория башчысы — б.и.д., профессор Собуров Канчырбек Алгасиевич

тел.: 0312 44 98 85


е-mail: kanchyrbek@mail.ru

Негизги илимий багыттары:

Тоо аймагындагы техногендик факторлордун калктын ден-соолугуна тийгизген таасиринин иммунологиялык мониторинги жана иммундук жетишсиздикти оӊдоонун жаӊы жолдору.

Лабораториянын кызматкерлери:

1. Собуров Канчырбек Алгасиевич

– профессор, биология илимдеринин доктору, КР илимдеринин эмгек сиӊирген ишмери


2. Вишневский Александр Александрович

– профессор, биология илимдеринин доктору


3. Темирова Сымбат Акбагышовна

– доценттин м.а., биология илимдеринин кандидаты


4. Жапаралиева Чолпон Оморбековна

– биология илимдеринин кандидаты


5. Абрамова Ирина Александровна

– и.к.


6. Казыбекова Астра Ажымудуновна

– и.к.


7. Жапарова Назгуль Болотбековна

– кичи илимий кызматкер


8. Берболот кызы Гульмайрам

– кичи илимий кызматкер


Илимий борборлор менен кызматташуу:

Россия, Казахстан, Өзбекстан жана Италия.

Негизги илимий жыйынтыктар:

Иммундук системанын физиологиясы лабораториясынын кызматкерлери антропогендик факторлордун жана тоо шарттарынын тийгизген таасири боюнча, калктын белгилүү контингентине массалык иммунологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Мындай изилдөөлөрүн негизинде патологиялык абалдардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн иммундук системанын өзгөрүүлөрүн аныкташат. «Кыргызстандын калкынын иммундук статусу» атындагы көрсөткүчтөрдүн банкы түзүлгөн. Иммунитеттин аныкталган бузулууларынын мониторинги дайыма жүргүзүлүп турат. Ал эми иммундук системадан көз каранды патологияларды изилдөөлөрдөн алынган көрсөткүчтөрдүн негизинде, иммуномодуляция препараттарын колдонуу менен ден-соолукту чыӊдоо иш-чаралары өткөрүлөт.
Ошону менен бирге эле айыл-чарба жаныбарларынын жана канатууларынын оорулары менен күрөшүү үчүн иммундук реактивдүүлүктү жогорулатуу максатында медициналык каражаттарды, биопрепараттарды, иммуностимуляторлорду жана лазердик нурландырууну пайдалануу боюнча методикалык сунуштар иштелип чыгып турат.

Билим берүү иш-чаралары:

К.А. Собуров –  КР УИА-нын биотехнология институтунун биология илимдеринин физиология тармагы боюнча кандидаттык жана доктордук диссертацияларды жактоо кеӊешинин жана клиникалык иммунология жана аллергология, микробиология, фтизиатрия тармагы боюнча  кандидаттык жана доктордук диссертацияларды жактоо Д 03.17.542 диссертациялык кеӊешинин мүчөсү болуп эсептелет. О.э. К.А. Собуров КР-нын аллергологдорунун, иммунологдорунун и иммунореабилитолодорунун илимий коомунун президенти жана «Кыргызстандын илими, жаӊы технологиялары жана инновациялары» журналынын редколлегиясынын  мүчөсү болуп саналат.
А.А.Вишневский –  КР УИА-нын биотехнология институтунун биология илимдеринин физиология тармагы боюнча кандидаттык жана доктордук диссертацияларды жактоо кеӊешинин мүчөсү. ЖОЖдорго интеграцияны өнүктүрүү багытынын алкагында Ж. Баласагын ат. КУУ-нун  биология факультетинин, зоология, адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы жана биоэкология кафедралары менен биргеликте изилдөөлөдү алып барат. УНПК МУК-та сабактарды өткөрөт.
Азыркы мезгилде лабораториянын кызматкерлери И.К. Ахунбаев ат. КММА менен биргеликте «КР-нын микроорганизмдеринин актуалдуу же активдүү штаммдарынын антибиотике туруктуулугунун мониторинги» (КР-нын Билим берүү жана илим министирлигинин гранты, 2017) проектинде иш алып барышууда. 
Лабораториянын кызматкерлери И.К. Ахунбаев ат. КММА, С.Тентишев ат. Азия медициналык Университинде, Эл аралык медициналык Университетте, И.Арабаев ат. КМУ, БГУ-нун Карасаев ат. лицейинде жана МУК жогорку медициналык мектебинде сабактарды өткөрүшөт.

Негизги басылмалар:

  1. Собуров К.А. Органдардын (бөйрөк) трансплантациясынын иммунологиялык аспектери. – Бишкек, -79б.
  2. Собуров К.А. Монография: “Иммунитет жана экология”. – Бишкек,   – 150 б.
  3. Китаев М.И., Собуров К.А. «Кыргызстандын тоо аймактарында жашаган калкынын иммунитетинин жана иммуногенетикалык маркерлорунун көрсөткүчтөрүнүн аймактык нормалары». –Бишкек, 2009. –147с.
  4. Вишневский А.А. «Экстремалдык абалдагы клетка ичиндеги коммуникациялар». – Бишкек, 2-басылышы (толукталган жана кайра иштелген), 2013.-196 б.
  5. Собуров К.А. Тоолуу аймактарда дайыма жашоочулардын иммундук реактивдүүлүгүнүн өзөчөлүктөрү. – Ульянов медициналык-биологиялык журналы. – 2011. – №4. 62-69-б.
  6. Собуров К.А., Иманкулов Ж.И. Орусча-кыргызча сөздүк – иммунологиялык терминдердин справочниги. – Б.: ОсОО Алтын Принт, 2013.- 91б.
  7. Собуров К.А., Казыбекова А.А. Кыргызстандын тоолуу аймактарынын техногендик зоналарында жашоочулардын иммунологиялык реактивдүүлүгүнүн нормативдик жана жаштык өзөчөлүктөрү  // Методикалык сунуштар. – Бишкек. – 2014. – 46б.
  8. Собуров К.А., Казыбекова А.А., Захаров Г.А. Борбордук Тянь-Шандын тоо популяцияларынын иммунитетине жана кычкылдануу гомеостазына селендин деӊгээлинин тийгизген таасири // Тамбов Мамлекеттик Университетинин кабарлары. – 2016. – № 6. 61-65-б.
  9. Вишневский С.С., Жапаралиева Ч.О., Темешева К. Экстремалдык абалдардагы мембрандык түзүлүмдөрдүн топтук вариациялары // Ульянов медициналык-биологиялык журналы.- 2015. – № 4. 32-36-б.

Инновациялык иштелмелер:

  • Айыл-чарба жаныбарларынын иммундук реактивдүүлүгүн жогорулатуу ыкмалары.
  • Техногендик зонанын жашоочуларынын иммундук бузулууларын коррекциялоо ыкмалары.
  • Тоолуу аймактын техногендик зоналарынын жашоочуларынын иммундук статусунун донозологиялык өзгөрүүлөрү.
  • Жаныбарларды жана канаттууларды изилдөөдө лазердик биотехнологиянын методдорун колдонуу.