Микробиология жана биохимия лабораториясы

Лаборатория башчысы —профессор, м.и.д. Тайчиев Имамназар Тайчиевич

тел.: 0777 70-90-00


е-mail: tajchiev@mail.ru

Негизги илимий багыттары:

Айлана-чөйрөдөгү жана биочөйрөдөгү микрофлорага экологиялык факторлордун тийгизген таасирин, анын ичинде ар кандай аймактардан бөлүнүп алынган микробдордун антибиотике туруктуулугун изилдөө. Иммунологдор – пестициддер, радионуклиддер жана башка ксенобиотиктер мене булганган ар кандай экологиялык зоналарда жашаган калктын иммунитетинин абалын изилдешет. Эне сүтүндө, ичегиде, организмдин суюктуктарындагы иммуноглобулиндердин деӊгээлин жана гормондордун, биохимиялык жана башка лаборатордук көрсөткүчтөрдүн деӊгээлин аныкташат. Ар кандай аймактардагы, анын ичинде бийик тоодогу жергиликтүү штаммдардан эубиотиктерди бөлүп алышат да, фармакологдор жана клиницистер менен бирге ТУ жана ТР иштеп чыгышат. О.э. ооруларды дарылоо жана алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгып, аларды практикалык медицинага жана өндүрүшкө колдонууга берүүгө катышышат.

Лабораториянын илимий кызматкерлери:

1. Тайчиев Имамназар Тайчиевич

– профессор, медицина илимдеринин доктору


2. Аргынбаева Акмарал Турдалыевна

– биология илимдеринин кандидаты


3. Насиров А

– и.к.


4. Тойчуева А.У.

– и.к.


5. Сариева Ж.К.

– и.к.


6. Мавлянова Ж.У.

– ага лаборант


7. Матазимова А.А.

- лаборант


Негизги илимий жыйынтыктар:

Кыргыз республикасында кызмат кылган аскерлердин ичеги биоценозуна пестициддердин тийгизген таасири бааланды.  Дисбактериоздун негизги себеби болуп бифидобактериалардын, ичеги таякчаларынын азайышы жана айкын байкалган кандидоз эсептелет.  Пахта жана тамеки  өстүргөн аймактардан келген аскерлерге караганда (57,1%), экологиялык таза райондорунан чакырылган аскерлерде дисбактериоз кыйла аз (20,3%), кездешери маалым болду. Шаардан келген аскерлердин 19,2%-де дисбактериоз табылган.

Билим берүү иш-чаралары:

Лабораториянын кызматкерлери ОшМУ-да  сабак өткөрүшөт.

Негизги басылмалар:

  1. Тайчиев И. КР-нын зооноздук инфекцияларынын эпизоотикалык активдүүлүгү аймактык өнүгүүнүн маанилүү фактору // КР УИА-нын жарчысы. -2019. -№4.74-78-б.
  2. Аргынбаева А.Т. Жылдын ар кандай мезгилинде пахтачылардын ичеги дисбактериозу синдромунун клиникалык көрүнүшү. «Келечеке көз караш» эл аралык илимий-практикалык конференциясы. Медициналык илимдер 21 кылым. Таджикистан.
  3. Насиров А.Н, Тойчуева А.У., Тешебаев К.Т., Аргынбаева А.Т.   Гиршпрунг оорусу боюнча операция кылынган балдардын ичеги биоценозунун абалы. Казахстандын балдар хирурдарынын 1-съезди. Алмата ш.  13-14 июнь 2019 ж.
  4. Тойчуева А.У. Шаардык аялдардын эмчек эмизүү мезгилине жараша эне сүтүндө хлорорганикалык пестициддердин кармалуусунун өзгөрүшү. «Келечеке көз караш» эл аралык илимий-практикалык конференциясы. Медициналык илимдер 21 кылым. Таджикистан.
  5. Аргынбаева А.Т., Тойчуева А.У., Маматжан кызы Гулгунай,Токторов А.Ж. Тоолуу аймакта жашоочулардын жана шаар тургундарынын жаӊы төрөлгөн балдарынын ичеги микрофлорасынын пайда болуусунун салыштырмалуу көрсөткүчтөрү // «Кыргызстандын медицинасы» Илимий-практкалык журналы. №2. 2018 ж. 102-104-б.
  6. Насиров А.Н. Кыргызстандын түштүгүндөгү тамеки жана пахта өстүрүүчү аймактарында кызмат кылган аскерлердин ичеги микрофлорасынын өзгөчөлүктөрү // «Кыргызстандын медицинасы» Илимий-практкалык журналы. 2018 ж. – №2. 105-107-б.
  7. Тайчиев И.Т. КР-да сибирь кулгунасынын эпидемиологиялык көрүнүшүнүн азыркы өзгөчөлүктөрү // «Кыргызстандын медицинасы» Илимий-практкалык журналы. №2. 2018 ж. 102-104-б.
  8. Тайчиев И.Т. Ош шаарында кездешүүчү микроорганизмдердин антибиотике туруктуулугун баалоо // «Кыргызстандын медицинасы» Илимий-практкалык журналы. 2018 ж. – №2. 102-104-б.
  9. Тайчиев И.Т. Ош областынын зооноздорунун жаратылыштык-очокторунун эпизоотикасынын эпидемиологиялык көрүнүшү // «Кыргызстандын медицинасы» Илимий-практкалык журналы. №1.2018 ж. 85-90-б.
  10. Тайчиев И.Т., Салиева С.Т., Жолдошев С.Т., Абдыраева Б.А., Орозбаева С.М. Кыргыз Республикасынын Ош областынын Карасуу районундагы тамак ботулизими менен массалык уулануунун эпидемиологиялык анализи. Илимий – практикалык журнал. Санитардык врач. 2018.№ 5. 52-56-б.