Окутуунун инновациялык методдору жана билим берүүнү трансфертөө борбору

Борбордун башчысы: б.и.к. Сорокин Александр Анатольевич.

тел.: 0555066870.


е-mail: aasorokin@rambler.ru
Негизги илимий багыттары:
  1. Медициналык-биологиялык маалыматтарды статистикалык кайра иштетүү принциптери жана методдору.
  2. Кардиоинтервалдар катарынын статистикалык анализи.
  3. Корондук разряддын биологиясы.

Лабораториянын илимий кызматкерлери:

1. Сорокин Александр Анатольевич

– биология илимдеринин кандидаты


2. Чонкоева Айгуль Асанбековна

- биология илимдеринин кандидаты


3. Курманбакеев Юрий Мансурович

– кичи илимий кызматкер


4. Дениз Бермет

– кичи илимий кызматкер


5. Турдубекова Мээрим

– кичи илимий кызматкер


6. Недорослева С.В.

– кичи илимий кызматкер


Билим берүү иш-чаралары:

Сорокин А.А.: Кыргыз-Россия славян университетинин медициналык факультетинде төмөнкү курстарды өткөрөт:
  1. Медициналык информатика
  2. Далилдүү медицина
  3. Медициналык-биологиялык маалыматтары статистикалык кайра иштетүүнүн пинциптери жана методдору
Курманбакеев Ю.М. Кыргыз-Россия славян университетинин медициналык факультетинде төмөнкү курстарды өткөрөт:
Медициналык информатика (орус жана англис тилдеринде)
  1. Информатиканын негиздери (орус жана англис тилдеринде)

Илимий борборлор менен кызматташтык:

  1. Түндүк мамлекеттик медициналык университети МЗ РФ. (Архангельск ш.).
  2. Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы (Бишкек ш.)
  3. Фтизиатрия институту МЗ КР (Бишкек ш.)
  4. Далилдүү медицинанын достук коому (Москва ш.)
  5. The New England journal of Medicine журналынын редакциясы (США)
  6. Кыргыз-Россия славян университетинин медициналык факультетинин кафедралары (Бишкек ш.).
  7. Энени жана баланы коргоонун улуттук борбору (Бишкек ш.).

Негизги илимий жыйынтыктар:

Видеолекцияларды, видеосабактарды, ар кандай темадагы медициналык-биологиялык маалыматты кайра иштетүү боюнча окуу файлдары жана бир катар окуу китептерин камтыган окутуу чөйрөсү түзүлгөн: а) медициналык-биологиялык маалыматты статистикалык кайра иштетүү боюнча б) далилдүү медицина боюнча, в) клиникалык эпидемиологиясы боюнча окуу иштелмесин камтыган SPSS программасы боюнча. Бул окутуу чөйрөсү врачка далилдүү медицинанын практикасынын негиздерин жана медициналык-биологиялык маалыматты кайра иштетүүнүн негизги принциптерин өз алдынча окуп үйрөнүп алууга мумкунчулук берет.
  1. КР-нын аймагында уйку безинин рагынын таралуусунун статистикалык анализи.
  2. КР-нын аймагында тубаса оорулардын пайда болуу коркунучунун факторлорунун статистикалык анализи.
  3. Токтоп калган кош бойлуулук коркунучунун факторлорунун статистическалык анализи.
  4. Матканын миомасы жана аны алып салуунун кош бойлуулуктун жүрүшүнүн татаалданышына тийгизген таасиринин статистикалык анализи.
  5. Бийик жана жапыз тоолуу аймактарынын жашоочуларынын кардиоинтервал катарынын статистикалык закон ченемдүүлүктөрүнүн анализи.

Негизги басылмалар:

  1. Жогорку математика. Окуу иштелмеси. Түзүүчүлөр: Сорокин А.А., Сологубова Т.И., Тупеев И.Р., Абдукаримова Н.А., Молдонасиров Р.Б. – Бишкек. – 2013.- 130 б.
  2. Сорокин А.А., Коростелева Н.Н., Сорокин К.А. Медициналык факультеттин биринчи жана төртүнчү курстардын студенттеринин жана окутуучуларанын нормативдик-баалуулук системасынын индекстеринин салыштырмалуу анализи. / Азыркы медициналык жождо билим берүү процессин уюштуруу жана эффективдүү башкаруу. ЖОЖ педагогикасы жыйнагы: конф. материалдары / башкы ред. С. Ю. Никулина. – Красноярск : тип. КрасГМУ, 2014. – 88 – 91-б.
  3. Сорокин К.А., Сорокин А.А., Шаназаров А.С. Тоонун дискомфорттук заналарында жашоочулардын – студенттердин кардиоинтервалдын динамикалык катарларын баалоо жана анализдөө. / СНГ физиологдорунун IV съездинин илимий эмгектери жыйнагы. – Сочи – Дагомыс, Россия, – 2014, 205-б.
  4. Сорокин А.А. «Окуя – контроль» дизайны жана клиникалык изилдөөлөрдө шанстардын катыштарынын анализи. Кыргызстандын Медицинасы. – № 5. – 2014. – 70-74-б.
  5. Кучеренко Н.Л., Кулагина М., А., Сорокин К.А., Сорокин А.А. Жүрөк ритмин жөнгө салуунун ар кандай типтери менен адамдардын кардиоинтервал катарларынын вейвлет-анализи. «Жаштар форуму: техникалык жана математикалык илимдер». ФГБОУ ВО « Г.У. Морозов ат. Воронеж мамлекеттик токойтехникалык университети». 2015, 58-62-б.
  6. Айсаева Ш.Ю., Сорокин А.А., Чынгышпаев Д.М. Тоонун дискомфорттуу шартында карылык мезгилинде жүрөк ритминин вариабелдүүлүгү. Вестник Кыргыз-Россия Славян Университетинин жарчысы. – 2016. – Том 16, №7, – 119-124-б.
  7. Сорокин А.А., Сорокин К.А., Айсаева Ш.Ю., Байбагышев Э.М. Нарын мамлекеттик университетинин студенттеринин вариациялык пульсометриясынын жана нормативдик статистикалык көрсөткүчтөрү. Кыргызс-Россия Славян Университетинин жарчысы. – 2016. – Том 16, №7, – 165-170-б.
  8. Кармышев А.О., Рыскельдиева В.Т., Сорокин А.А. Кичине сроктогу өөрчүбөй калган кош бойлуулукту токтотуунун ар кандай методдорунун эффективдүүлүгү: рандомизирлик клиникалык изилдөө. – Акушер-гинекологдун Россиялык жарчысы. – т.17, №2, 2017.- 64 – 68-б.
  9. Камарли З.П., Туманбаев А.М., Доолотбеков С.М., Сорокин А.А. Уйку безинин рагы менен ооруган адамдардын жашап кетишинин, ооруунун стадиясынан жана Кыргызстандын аймагынан көз карандылыгынын анализи. – Вестник Кыргызс-Россия Славян университети. – Том 17, № 7, – 2017., 134-136-б.
  10. Сорокин А.А. Далилдүү медицина боюнча ойлор. ХХ1 кылымдын фундаменталдык жана клиникалык медицинасынын көйгөйлөрү. Профессор М.И. Китаевдин элесине арналган эл аралык илимий конференциясынын макалалар жыйнагы. Бишкек- 2017. 17-чыгарылыш. -315-319-б.
  11. Шидаков Ю.Х-М., Абдумаликова И.А. Корондук разряддын биологиясы. Бишкек, 2017, 60 б.
  12. Шидаков Ю.Х.-М. , Горохова Г.И., Шувалова М.С. , Калмурзаева М.Е. Баш-сөөк травмасынын фонунда баш мээнин ишемиясынынын микроциркуляциясын ремоделдөө. КРСУ жарчысы. 2015. Т. 15, № 4. 187-191-б.

Инновациалык иштелмелер:

  1. Сорокин А.А. Медиктер үчүн медициналык-биологиялык маалыматты статистикалык кайра иштетүү боюнча виртуалдык окуу иштелмеси. Кыргызпатент. № 2624-күбөлүк. 2015.
  2. Сорокин А.А., Сорокин К.А., Курманбакеев Ю.М. Медициналык информатика. // Электрондук окуу иштелмеси. Кыргызпатент. Свидетельство 2246-күбөлүк . 2013.