УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН БИЙИК ТОО ФИЗИОЛОГИЯСЫ ЖАНА МЕДИЦИНА ИНСТИТУТУ

Бош турган кызмат орундарына сынак жарыялайт:

  • иммундук системанын физиологиясы лабораториясынын жетекчиси; (Бишкек)
  • физиология жана психология ишмердиги лабораториясынын жетекчиси; (Бишкек)
  • инновациялык ыкмалар аркылуу окутуу жана трансферттик билим берүү борборунун жетекчиси; (Бишкек)
  • медициналык проблемалар бөлүмүнүн башчысы; (Ош)
  • микробиология жана биохимия лабораториясынын жетекчиси; (Ош шаары)
  • фармакология, токсикология, радиология жана морфология лабораториясынын жетекчиси; (Ош шаары)
  • клиникалык лабораториясынын жетекчиси; (Ош шаары)

Иштөө убактысы: Толук иш күнү

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

– институттун директорунун атына арыз;

– кадрдык эсеп боюнча жеке баракча, өмүр баян, жеке сүрөтү;

– паспортунун көчүрмөсү;

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын ырастоочу документтер (иш китептин көчүрмөсү, жогорку билими жөнүндөгү,  квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу,  илимий даражасы жана наамы тууралуу  нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү);

– жарыяланган макалаларынын  тизмеси.

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

-Изденүүчү медицина/биология тармактары боюнча илимдин доктору/кандадаты болушу керек;

-3 жылдан кем эмес илимий-уюштуруучулук иш тажрыйбасы бар;

-Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий долбоорлорду башкаруу же башка илим-изилдөө гранттары, КРнын УИАсынын, Билим берүү министрлигинин фундаменталдык изилдөө программаларын башкаруу боюнча тажрыйбасы бар(же жок эле дегенде  бирден кем эмес изилдөөлөргө катышкан);

-акыркы 5 жылда болушу абзел: – 5тен аз эмес илимий эмгектер (журналдарда жарыяланган макалалар жана тезистер);

-жашы 70 жаштан ашпоо керек келишимге кол коюу учурунда.

Документтерди кабыл алуу жарыяланган күндөн тартып бир ай.

Мааламат алуу үчүн бул дарекке кайрылуу керек: 720048 Бишкек шаары, М.Горький(Анкара) көчөсү 1/5, 64 кабинет.

Тел. 44-95-64; 44-92-16; 44-90-05.

24/02/2019

(Русский) Объявление!

Кечиресиз, бул макала кыргыз тилине которула элегине байланыштуу сайтыбыздын орусча бөлүмүнөн окуй аласыз.