Иш-аракеттин физиологиясы жана психологиясы лабораториясы

Лабораториянын башчысынын м.а. — б.и.д. Каркобатов Хасен Джолдубаевич

раб. тел.: 0312 44 92 16


е-mail: ifepv@mail.ru

Негизги илимий багыттары:

Республиканын тоолуу райондорунун туруктуу өнүүгүүсүнүн экофизиологиялык жана социалдык аспекттери.

Лабораториянын илимий кызматкерлери:

1. Каркобатов Хасен Джолдубаевич

- биология илимдеринин доктору


2. Шаназаров Алмаз Согомбаевич

– профессор, медицина илимдеринин доктору


3. Ибраимова Гульжамал Ибраимовна

– биология илимдеринин кандидаты а.и.к.


4. Мельникова Наталья Георгиевна

– доцент, психология илимдеринин кандидаты


5. Айсаева Шадия Юсупджановна

- биология илимдеринин кандидаты


6. Сатаркулова Айнура Манасовна

– илимий кызматкер


Илимий борборлор менен кызматташуу:

России, Таджикистана, Казахстана и Узбекистана.

Негизги илимий жыйынтыктар:

Бийик тоо шарттарындагы физикалык жана профессионалдык активдүүлүктүн сутка ичиндеги орточо коэффиценти жана эмгектенүүнүн ар кандай оорчулуктагы категорияларында сарпталган энергиянын орточо көрсөткүчтөрү аныкталган. Ошону менен бирге эле бийик тоо шарттарында организмге түшкөн белоктордун, углеводдордун, майлардын жана башка азыктардын зат алмашуусунун өзгөчөлүктөрү да эске алынган. Тоо-кен иштетүүчү компаниялардын жумушчулары үчүн тамактануу нормативдери жана атайы тамактануунун рациону иштелип чыккан.
Адамдын тоо шартындагы оператордук ишмердүүлүгүнүн деӊгээлин жогорулатуу ыкмалары иштелип чыккан, профтандоо жана профориентациянын максаттары үчүн психофизиологиялык индикаторлор аныкталган.
Бийик тоолуулук, ыӊгайсыз шарттар, алыс жайгашуу, жетүүгө кыйын болгондугу үчүн айлык акыга кошумча коэффициенттерди төлөө боюнча илимий-негизделген методикалык сунуштар иштелип чыккан. О.э. жаратылыш-климаттык жана социалдык-экономикалык шарттарын эске алуу менен Республиканын ар бир тоолуу аймагына өзүнчө кошумча төлөө коэффиценттери эсептелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын “Биоклиматтык зоналаштыруу” 1:1000000 масштабындагы картасы иштелип жана басылып чыкты. Кыргызгеодезия (м.и.д. Шаназаров А.С., б.и.к. Черноок Т.Б. ж.б., 1990-1996 ж.).
Жаратылыш чөйрөсүнүн дискомфорттуулук деӊгээли боюнча тоо территорияларынын,  административдик-территориялык түзүлүмдөрдүн дифференциациясы ишке ашырылды. О.э.  компенсациалануучу жана компенсациаланбаган дискомфорт зоналары аныкталган, алар ден-соолук жана профессионалдык ишмердүүлүк үчүн айрыкча кооптуу болуп эсептелет. Мындай зоналар Нарын областынын – 92 %, Ысык-Көлдүн –  85 %, Оштун – 76 %, Баткендин – 56 %, Таластын – 56 %, Жалал-Абаддын – 51 %, Чуйдүн – 40 % түзөт. 
Тоо чөйрөсүнүн дискомфорттуулугунун вертикалдык алкактуулугу калктын тубаса көбөйүүсүнө кыйла таасирин тийгизет, бул бийик тоонун орточо зонасында айрыкча байкалат. Бул зонада төрөлгөндөрдүн саны көбөйүп жана өлүмдүн саны салыштырмалуу азайганына байланыштуу калктын санынын өсүшү байкалат. Жапыз тоо аймагына салыштырганда бул зонада ишке жарамдуу калктын саны азаят, ишке жарамдуу калкка демографиялык басым коэффициенти жогорулайт (1000 ишке жарамдуу адамга, ишке жарамдуу эмес калктан 612 до 860 адам тура келет).
Бийик тоо жана жапыз тоо аймактары оорулуулардын жана өлүмүдүн деӊгээли боюнча бири-биринен абдан айырмаланат. Оорулуулардын жалпы саны бийик тоо аймагында албетте жогору жана 100000 адамдын 48389,2 түзөт, ал эми жапыз тоо аймагында 100000 адамдын 41091,9 түзөт. Өлкөнүн түндүгүнүн жапыз тоо аймагында балдардын өлүмү (24,6‰+1,6) түзөт, ал эми  бийик тоо зонасында ушул эле көрсөткүч (20,5‰+0,9) болот, бирок бийик тоо аймактарында 40ка жетпей өлгөндөрдүн саны жогору.
2500 м жана андан бийиктикте тоонун биоклиматтык дискомфорту аялдардын жана эркектердин жаш өзгөрүүлөрүнүн темпин ылдамдатат, ошону менен бирге карылыкты тездетүүчү факторлордун бири болуп өндүрүштөгү эмгектин оордугу эсептелет. 2800 м бийиктикте иштеген III категориядагы жумушчулардын эмгегинин оордугу биологиялык карылыкты 6,6 жылга, ал эми IV категориядагы жумушчулардыкын 8,0 жылга тездеткен.
Бийик тоодогу биоклиматтык дискомфорттун шартында калктын жашоосунун сапатын чагылдырган адамдын өнүгүү индекси, өнүгүүсү начар өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен барабар, анткени, калктын кирешеси төмөн, орто эсеп менен алганда жапыз тоо райондордукуна салыштырганда 76 % түзөт. 

Билим берүү иш-чаралары:

А.С.Шаназаров – И.К.Ахунбаев ат. КММА, Б.Н.Ельцин ат. КРСУ жана УНПК МУК-тагы медицина илимдеринин физиология тармагы боюнча кандидаттык жана доктордук диссертацияларды жактоо кеӊешинин мүчөсү.
А.С. Шаназаров –  «Адамдын физиологисы» (Россия, Москва), «Ульянов медициналык-биологиялык журналы» (Россия, Ульяновск), «Медициналык-биологиялык изилдөөлөр журналы» (Россия, Архангельск) журналдарынын редакциялык коллегияларынын мүчөсү.

Негизги басылмалар:

  1. M. Balykin, H. Karkobatov, Y. Shidakov, I. Antipov. Changes in systemic and regional hemodynamics during intensive muscular activity (experimental study)// Human. Sport. Medicine Vol 19 No 3 (2019) P. 45-56.
  2. Мельникова Н.Г. Шаназаров А.С. Тоо коомунун туруктуу өнүгүүсүнүн мүнөзүндөгү чөйрөнүн сапаты: аймактык аспект // КРСУ жарчысы -2017.-Т.17.-№10. 193-199-б.
  3. Сатаркулова А.М., Айсаева Ш.Ю., Шаназаров А.С. Ортостатикалык проба менен тоо жашоочуларынын жүрөк ритмин вегетативдик жөнгө салуунун өзгөрүүлөрүнүн өзгөчөлүктөрү // Кыргызстандын Медицинасы. – 2018. – №2.- Т.2.- 79-84-б.
  4. Сатаркулова А.М., Шаназаров А.С. Ортостатикалык проба менен чет элден келген студенттердин жүрөк ритмин вариабелдүүлүгү жана вегетативдик жөнгө салуунун типологиялык өзгөчөлүктөрү // ОшМУ жарчысы.  – 2018. – №1. 171-177-б.
  5. Сатаркулова А.М., Шаназаров А.С. Кыргыз жана индия студентеринин жүрөк ритминин вариабелдүүлүгүнүн өзгөрүүлөрүнүн салыштырмалуу мүнөздөмөсү // КР УИА жарчысы, – №3. – 38-42-б.
  6. Шаназаров А.С., Айсаева Ш.Ю., Чынгышпаев Д.Ш. Бийик тоо шартындагы оор эмгектин ар кандай категорияларында тамактануу нормаларын оптимизациялоо // Жашоо-тирчиликтин коопсуздугу, № 9. – 16-19-б.
  7. Шаназаров А.С., Глушкова М.Ю., Айсаева Ш.Ю., Чынгышпаев Д.Ш. Бийик тоо шартында профессионалдык ишмердүүлүктү ишке ашырууда адам-оператордун функционалдык компоненттеринин ролу (билдирүү 2) // Медициналык-биологиялык изилдөөлөрдүн журналы (Архангельск).- Том:6.- №:1. – 56-66-б.
  8. Шаназаров А.С., Мельникова Н.Г. Калктын субъективдүү кабыл алуу позициясында тоо аймактарындагы жашоонун комфорттуулугу // КР УИА жарчысы.-2018.- №3. – 112-119-б.
  9. Сатаркулова А.М., Айсаева Ш.Ю., Шаназаров А.С. Жапыз жана бийик тоо шарттарында окуган студенттердин жүрөк ритминин убактылуу жана спектралдык мүнөздөмөсү // Адамдын экологиясынын медициналык-физиологиялык проблемалары жыйнагы: Жалпы россиялык конференциянын VII материалдары (19–22 сентябрь 2018 ж.). – Ульяновск : УлГУ, 2018.  – 256-258-б.
  10. Ибраимова Г.И. Кыргыз Республикасынын аймактарынын туруктуу өнүгүүсүн интегралдык баалоо: демографиялык аспект. // «Адам жана Тоолор» эл аралык илимий-практикалык конф. материалдары. 10-14 сентябрь 2019 ж.). Бишкек – Чолпон-Ата -2019. 22-25-б.
  11. Мельникова Н.Г., Шаназаров А.С. Тоо аймактарынын калкынын адаптациясынын чөйрө факторлорун субъективдүү баалоо // «Адам жана Тоолор» эл аралык илимий-практикалык конф. материалдары.  Бишкек – Чолпон-Ата ш., 10 – 14 сентябрь 2019 ж. – 99-101-б.
  12. Сатаркулова А.М., Айсаева Ш.Ю., Алипбекова А.С. Орто жана бийик тоо аймагынын туруктуу жашоочуларынын гемодинамикалык праметрлеринин өзгөрүү мүнөзү жана кан айлануунун өзүн-өзү жөнгө салуусунун тиби // КР УИА жарчысы. – 2019. – №4. – 68-70-б.
  13. Сатаркулова А.М., Шаназаров А.С., Айсаева Ш.Ю. Окуу процесси убагында чет элдик студенттердин жүрөк ритминин вариабелдүүгүнүн көрсөткүчтөрү боюнча вегетативдик регуляциялар // СНГ физиологдорунун VI съездинин илимий эмгектеринин жыйнагы (Сочи, Дагомыс, 1–6 октябрь 2019). Том 1. – М.: «Перо» басмасы, 2019. – 157-б.