Нейрофизиология лабораториясы

Лаборатория башчысы —м.и.д., профессор Джунусова Гульнар Султановна

тел.: 0312 44 90 05


е-mail: institutgfm@gmail.com aiperi03@mail.ru
Негизги илимий багыттары:
Айлана-чөйрөнүн жагымсыз шарттарында мээнин системалык дезинтеграциясынын негизин түзгөн нейрофизиологиялык механизмдерди изилдөө, мээнин иш-аракетин жөнгө салуунун борбордук механизмдеринин ар кандай типтерине ээ болгон адамдардын организминин адаптивдик реакцияларынын эффективдүүлүгүнүн интегралдык көрсөткүчтөрүн баалоо, БНС-н жөнгө салуу процесстерин башкаруу методдорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
         Мээнин функционалдык резервдеринин электрофизиологиялык маркерлорун издөө, организмдин гомеостатикалык реакциялары жана адаптациялык процесстерин башкаруу методдорун жана ыкмалырын иштеп чыгуу.

Лабораториянын илимий кызматкерлери:

1. Джунусова Гульнар Султановна

– профессор, медицина илимдеринин доктору


2. Турганбаева Анийпа Самудиновна

– доцент, биология илимдеринин кандидаты


3. Садыкова Гульнура Сулаймановна

– доценттин м.а., биология илимдеринин кандидаты


4. Сатаева Наргиза Усонбековна

– илимий кызматкер


5. Ибраимов Сатыбалды Бакытбекович

– илимий кызматкер


6. Мамбетакунова Раушан Калыковна – м.н.с.

– кичи илимий кызматкер


Илимий борборлор менен кызматташуу:

Россия, Таджикистан, Казахстан жана Өзбекстан.

Негизги илимий жыйынтыктар:

Жаныбарлардын мээ кыртышынын жана кыртыш астындагы структураларынын биоэлектрдик активдүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү аныкталды, күчтүү жана хроникалык гипоксия шартында мээ кыртышынын жана кыртыш астындагы структураларынын борборлор аралык өз ара катнашынын мүнөзү бааланган; тоолуу аймактын туруктуу жашоочуларынын жана бийик тоо шарттарына жаӊы ылайыкташып жаткан адамдардын мээсинин жөнгө салуусунун борбордук механизмдеринин ийкемдүүлүгүнүн типтери аныкталган; бийик тоо жашоочулары үчүн типологиялык ЭЭГ-нормативдери иштелип чыкты; БНС-нын функционалдык бузулууларын оӊдоо үчүн ЭЭГ боюнча адаптивдик биобашкаруу жана бийик тоо шарттарындагы дезадаптивдик бузулууларды оӊдоо жана оптимизациялоо методдору иштелип чыкты жана ишке киргизилди, бул илимий изидөөлөрдү жана иштеп чыгууларды кийинки жаӊы деӊгээлге көтөрүүгө жол берет.
Маалыматтык базаны жана “аймактык ден-соолук паспортун” түзүү максатында, Ысык-Көл областынын (Жети-Өгүз району, Саруу айылы – деӊиз д. 1700 м жогору, Тоӊ району, Коргондуу-Булак айылы – деӊиз д. 2800 м жогору) калкынын популяциялык ден-соолугуна баа берүү үчүн биринчи жолу мониторингдик изилдөөлөр жүргүзүлгөн. БНС-н нейродинамикалык параметрлери изилденген, ЭЭГ боюнча баш мээни борбордук жөнгө салуу механизминин типтери такталды. Ошондо, баш мээни борбордук жөнгө салуу механизминин I-тибине 10%, II-тибине-9%, III-тибине-81% таандык болгон. ЭЭГ-параметрлеринин туруктуулугунун анализинин негизинде, мээнин өзүн-өзү жөнгө салуу механизмдеринин туруктуулугунун эң чоң көрсөткүчтөрү мээнин баш мээни борбордук жөнгө салуу механизминин I-тибине кирүүчү адамдарда, ал эми эң кичине көрсөткүчү мээнин баш мээни борбордук жөнгө салуу механизминин III-тибине кирүүчү адамдарда кездешери табылган. О.э. изилденген тоолук-жаш өспүрүмдөрүн 46%-де альфа-ритмдин дезорганизациясы (тета- жана бета-ритмдеринин жана полиморфтук активдүүлүгүнүн фонунда) аныкталган, өзгөрүүлөрдүн жогорку проценти (27%) мээнин баш мээни борбордук жөнгө салуу механизминин III-тибинде байкалат, бул десинхонизация, дезадаптациянын объективдүү белгиси болгондуктан, организмдин жашоо-чөйрөсүнүн факторлоруна толугу менен көнө албастыгын далилдейт.

Билим берүү иш-чаралары:

Г.С.Джунусова – И.К.Ахунбаева ат. КММА, Б.Н.Ельцина ат. КРСУ жана УНПК МУК-тагы медицина илимдеринин физиология тармагы боюнча кандидаттык жана доктордук диссертацияларды жактоо кеӊешинин мүчөсү.

Г.С.Джунусова – КР-нын физиологдорунун илимий коомунун мүдүрү жана «International journal of medicine and phychology» журналынын редколлегиясынын мүчөсү.

Лабораториянын кызматкерлери МВШМ, И.Арабаева ат. КМУ, Ж.Баласагына ат. КУУ-да  сабак өткөрүшөт.

Негизги басылмалар:

  1. Джунусова Г.С. «Адамдын тоо шарттарына ыӊгайлануусунун борбордук механизмдери». – Бишкек: КРСУ басмасы, – 280 б.
  2. Джунусова Г.С. Кыргыз Республикасынын Нарын областынын өнүгүүсүнүн тенденциялары (Ю.П.Баденковдун «Тоодогу жашоо» китебинен кыскача анализ) // КР УИА-нын жарчысы. -2019. -№4. 65-68-б.
  3. Джунусова Г.С., Сатаева Н.У., Ибраимов С.Б. Тоо шартында жашаган өспүрүмдөрдүн борбордук нерв системасынын функционалдык абалы // КР УИА-нын жарчысы. -2019. -№4. 91-95-б.
  4. Джунусова Г.С. Медициналык ЖОЖдордогу физиологиялык билим берүүнүн актуалдуу маселелери // КР УИА-нын жарчысы -2019. -№4.-127-132-б.
  5. Мамбетакунова Р.К. Жүрөк-кан тамыр системасынын патологияларынын пайда болуусун алдын алуу максатында дени сак жашоо алып жүрүүнүн актуалдуу маселелери // КР УИА-нын жарчысы. -2019. -№4.-78-82-б.
  6. Садыкова Г.С. Бийик тоо аймагынын жашоочуларынын гормоналдык профилинин мүнөздөмөсү // КР УИА-нын жарчысы. -2019. -№4.102-109-б.
  7. Турганбаева А.С. Жумурткадан чыккандай кийинки биринчи кундору эмбриогенездин экинчи жарымында органдык кан айлануунун жана РО2 кычкылтегинин парциалдык басымынын өзгөрүшүнө байланыштуу тооктордун канындагы ферменттердин (АСТ, АЛТ, КК и ЛДГ) активдүүлүгү // КР УИА-нын жарчысы. -2019. -№4.47-52-б.
  8. Dzhunusova G.S., Satayeva N.U., Ibraimov S.B. Neurodynamics of the functional state of the central nervous system in mountaineers living at an altitude of 2800 m above sea level // 7th Chronic hypoxia symposium, Feb 23 – Mar 2, 2019 La Paz – Bolivia, the Journal of Biological Physics and Chemistry
  9. Sadykova G.S., Dzhunusova G.S. Features functioning of the neuroendocrine system in the mountaineers of Tian Shan // 7th Chronic hypoxia symposium, Feb 23 – Mar 2, 2019 La Paz – Bolivia, the Journal of Biological Physics and Chemistry
  10. Садыкова Г.С. Тоо аймактарынын туруктуу өнүгүүсүнүн эколого-физиологиялык маселелери, «Азыркы мезгилдеги жаратылыштык жана социалдык-экономикалык процесстерди башкаруу маселелерин өнүктүрүү. Өнөр-жай аймактарынын экологиялык жана техносфердик коопсуздугу» эл аралык конгрессинин IV жыйнагы, 178-186-б
  11. Г.С. Джунусова, Н.У. Сатаева, Г.С. Садыкова, С.Б. Ибраимов. Тянь-Шань тоолорунун жашоочуларынын адаптивдик абалын баалоо // СНГ физиологдоунун VI съездинин илимий эмгектеринин жыйнагы (Сочи, Дагомыс, 1–6 октябрь 2019). Том 1. – М.: «Перо» басмасы, 2019. – 143 б.
  12. Dzhunusova G.S., Satayeva N.U., Ibraimov S.B. Central mechanisms of regulation of human functional state in the mountains // 7th Chronic hypoxia symposium, Feb 23 – Mar 2, 2019 La Paz – Bolivia, the Journal of Biological Physics and Chemistry
  13. Sadykova G.S., Dzhunusova G.S. Hormonal profile and bioelectric activity of brain in mountaineers // 7th Chronic hypoxia symposium, Feb 23 – Mar 2, 2019 La Paz – Bolivia, the Journal of Biological Physics and Chemistry
  14. Джунусова Г.С., Сатаева Н.У., Ибраимов С.Б. Кыргызстандын тоо шартында жашаган жашоочуларынын мээсин жөнгө салуунун борбордук механизмдеринин өзгөчөлүктөрү // Кыргызстан Медицинасы. 2018. №2. 70-73-б.
  15. Турганбаева А.С., Абдираимова Н.А, Абдыкадырова Н.С. Эмбрионалдык жана постэмбрионалдык мезгилдин башында тооктордун канындагы ферменттердин активдүүлүгүн изилдөө // Известия И. Раззакова ат. КМТУ-нун кабарлары.- №2 (46). 45-51-б.
  16. Джунусова Г.С., Сатаева Н.У., Ибраимов С.Б. Кыргызстандын тоолук жашоочуларынын мээсинин адаптивдик механизмдеринин функционалдык абалы // Адамдын экологиясынын медициналык-физиологиялык проблемалары жыйнагы: Жалпы россиялык конференциянын VII материалдары (19–22 сентябрь 2018 ж.). – Ульяновск : УлГУ, 2018.  101-103-б.
  17. Сыдыкова Г.С., Джунусова Г.С. тоо шартында адамдын адаптивдик реакцияларынын калыптанышында гипофизардык-тиреоиддик системанын ролу // Адамдын экологиясынын медициналык-физиологиялык проблемалары жыйнагы: Жалпы россиялык  конференциянын VII материалдары (19–22 сентября 2018 г.). – Ульяновск : УлГУ, 2018. С. 252-254-б.
  18. Турганбаева А.С., Абдыкадырова Н.С, Абдираимова Н.А.,Давлетова Ч.С. Жумурткадан чыккандай кийинки биринчи кундору эмбриогенездин экинчи жарымында тооктордун метаболизминин борбордук жана перифериялык зоналарынын ферменттеринин активдүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү // «Өзгөргөн климатогеографиялык шарттарда оорулардын эпидемиологиясы, патогенези жана саногенези (Фергана өрөөнү жана Тянь-Шань-Памир)» III эл аралык илимий конференциясынын жыйнагы. 10-11май 2018 ж Ош ш. 67-70-б.

Инновациялык иштелмелер:

  • Тоолуктардын психофизиологиялык статусун баалонун экспресс-методдору // Методикалык сунуштар. Бишкек. 2018.- 16 б.
  • Тоо шартында жашаган адамдардын борбордук нерв системасынын функционалдык абалын баалоо үчүн методикалык ыкмалар //Методикалык сунуштар. Бишкек. 2018.- 20б.
  • Адамдын борбордук нерв системасынын дизрегулятордук бузулууларын функционалдык оӊдоо // Методикалык сунуштар. Бишкек. 2018.- 28б.
  • ЭЭГ боюнча адаптивдик биобашкаруу методу менен адамдын борбордук нерв системасынын функционалдык абалын медициналык эмес жол менен оӊдоо жана оптималдаштыруу // Методикалык сунуштар. Бишкек. 2018.- 16б.
  • Кыргызстандын тоо аймактарында жашаган өспүрүмдөрдүн физикалык статусунун параметрлерин баалоо // Методикалык сунуштар. Бишкек. 2018.- 14б.